Ош облусунун Кара-Суу районундагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелерди, объекттерди саткан делип Савай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Мунарбек Сайпидинов Орусиянын аймагынан кармалып, Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМ Кара-Суу районундагы мамлекеттин карамагындагы жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактыны аныктады.
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, жаран М.С. 2014-жылдан азыркы күнгө чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн жана министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстар мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу райондук филиалынын кызматкерлери жана жеке тараптар менен биргеликте кандайдыр-бир материалдык кызыкчылыктарды алуу максатын көздөшүп, кылмыштуу пландарын негиздешкен.