Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарынын мэри Ормоков Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды 

Бүгүн, 7-август күнү Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Окемди кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Жолугушуу учурунда шаарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор, инфраструктураны жакшыртуу багытында жүрүп жаткан курулуштар, медицина, билим берүү тармагы боюнча кеңири сөз болду.
Шаар башчысы эки элдин ортосунда кылымдар бою сакталып келе жаткан бекем достук мамилени мындан ары да өнүктүрүүгө тилектештигин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан