Биз социалдык тармакта

Чүйдө жер мафиясынын мүчөлөрү кармалышты

Чүй облусунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү, сатуу фактыларына шектелип дагы бир адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 6-августта Аламүдүн районунда айыл чарба жерлерин мыйзамсыз бөлүштүрүү жана куруу фактылары боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин алкагында жергиликтүү бийликтин учурдагы жана мурдагы өкүлдөрү кармалды.
Бул иштин акагында 7-август күнү Аламүдүн районуна караштуу Василевка айылынын №578, 569, 569*, 580, 580* контурларындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелерди мыйзамсыз бөлүштүрүү жана сатуу фактыларына тиешеси бар Василевка айыл өкмөттүн жер адиси 1977-жылы туулган М.М. аттуу жаран кармалды.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан