Бүгүн 7-августта Таласта “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек”, “Биз диний экстремизмге жана терроризмге каршыбыз” аталышындагы форум болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Профилактикалык иш-чарага муфтий Абдулазиз Закиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.
Форумда салттуу динди кармануу боюнча сахналаштырылган көрүнүш жана бир катар профилактикалык мазмундагы видеороликтер көрсөтүлдү. Мындан сырткары форумдун жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын, суицид, балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча маселелер козголду.
Соңунда милиция менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган бир катар дин өкүлдөрү Талас ОИИБинин Ардак грамотасы менен сыйланышты.