Биз социалдык тармакта

Арал-Казарман жолунда бир тараптуу каттам ачылды 

Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал-Казарман тилкесинин 283–284-чакырымдар аралыгына түшкɵн жер кɵчкү тазаланып, бир тараптуу каттам берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги бүгүн, 8-августта билдирди.
Белгилей кетсек, 24-июлда саат 12:00 чамасында аталган унаа жолдун 280–281-чакырым аралыгында тоо бетинен ири көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.
Тазалоо иштерине министрлик алдындагы №18, 14, 955 Жол тейлөө ишканалары тартылган. Кɵчкүнүн кɵлɵмү чоң болгондуктан 14 атайын техника жана 18 кишиден турган жол кызматкерлери тынымсыз иш алып барды. Жалпысынан141000 куб метр таш көчкү тазаланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан