Ысык-Көлдө кечээ, 7-августта саат 20:03тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 33 чакырым түндүк-батышта, Алматы калаасынан 35 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жер силкинүү өлкө аймактарында сезилген жок.