Кечээ, 7-августта Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” пансионатынын жээгинде жайгашкан көлдүн түбүнөн кооптуу абалда жаткан катамаран чыгарылды.
Облустук милиция билдиргендей, катамаран болжол менен 3 жыл мурун чөгүп кеткен жана ошол убакыттан бери көлдүн түбүндө экологиялык жана коопсуздук жагынан коркунуч жараткан абалда жаткан.
Бул тууралуу суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандан кийин тиешелүү органдарга кабар берген.
Аталган иш-чара Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери, экоактивист жана кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан, ошондой эле эс алуучулардын жардамы менен ийгиликтүү аткарылды.