Ош облусунун аймагында бүгүн, 8-августта саат 9:58де 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү очогунда 4,5 баллга жетип, Өзбекстандан 45 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөө Ош, Кызыл-Кыя, Ноокат, Кара-Суу шаарларында 3 баллга чейин сезилген.