"Дом-2'нын" мурдагы катышуучусу жана ишкер айым Полина Малинина 24 жашында каза болду. Бул тууралуу Mash Telegram каналы билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Малининанын жансыз денеси Нижний Новгороддогу батиринен табылган. Өлүмдүн алдын ала себеби катары дарыдан ууланганы айтылууда. Кыз үч күндөн бери байланышка чыккан эмес.
Малинина "MaryWay" моделдик агенттигинин Нижний Новгород филиалын башкарган. Компания алдамчылык боюнча айыпталып, анын жетекчиси Мария Бабкина 2024-жылы Москвада камакка алынган.