Биз социалдык тармакта

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы иш-чаралар жүргүзүлдү

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуштарга каршы иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы Нарын шаардык мэриясы жана муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасы менен биргеликте Орозбак көчөсүндөгү кызыл сызыктан чыккан турак үйлөр жана мончолор боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузган объекттердин ээлерине 10 күндүн ичинде бузуу жана жер аянттарын калыбына келтирүү тууралуу жазма буйруктар берилген. Буйрукту аткарбаган айрым жарандардын дубалдары тиешелүү техниканын жардамы менен бузулуп, мыйзам талап кылган абалга келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан