Чүйдүн Жайыл районунда 21 жаштагы Элдос Койчубек уулу дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал 14-июнда Сосновка айылындагы Токтогулов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон ушул убакка чейин дайынсыз.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, кыска.
Кийген кийимдери: кыска жеңдүү ак футболка, кара шорта, ак шлёпка.
Жогорудагы жаран тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү номерлерге кабарлап койсо болот: 0 (701) 20-31-02 0 (999) 26-02-01 же 102.