Биз социалдык тармакта

"Кайтып келдим". Балбан Жоламан Шаршенбеков билдирүү жасады

Балбан Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасына тыныгуудан кийин жаңы күч менен кайрадан машыгууга жана күрөшкө кайтып келгенин жазды.

"Париждеги Олимпиададан кийин мен үчүн калыбына келүү мезгили башталды - ден соолук жагынан да маанилүү учур болду. Жаракатымды айыктырып жатам, үйлөндүм. Бир аз эс алып, кайра жаңы күч менен машыгууларга жана күрөшкө кайтып келдим. Жакында улуттук курама команда менен Японияга машыгууга барып келдик",- деп жазды ал.

Ошондой эле балбан жаңы салмак категориясына өткөнүн билдирди. Ал 60 килограмм салмак ченинен 63 килограмм салмакка өткөн. Жаңы салмак категориясы менен Польшадагы эл аралык турнирде алтын байгени утуп алганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан