Биз социалдык тармакта

Оштун мэри кызын узаткан үй-бүлөгө муздаткыч белек кылды (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Ихлас” курулуш компаниясынынын турак-жайында жашаган жарандын кыз узатуу тоюна муздаткыч белек кылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Эске сала кетсек, 28-июлда аталган компаниянын кардарлары шаар башчысына кайрылып, курулуш иштеринин убагында бүткөрүлбөй жатканын жана айрым тургундар мигрант болуп жүргөндүктөн өз үйлөрүнө кирип жашай албай жатканын айтып даттанышкан. Алардын арасында бир жаран жакында кызын ушул үйдөн узата турганын айтып мэрге кайрылган.
Жерине барып, абалды жеке көзөмөлгө алгандан кийин мэр компания жетекчилигине үйлөрдү 20-августка чейин бүтүрүп берүү тапшырмасын берген. Ошондой эле кыз узатууну белгилеп жаткан үй-бүлөгө муздаткыч белек кылууну убада кылган болчу.
видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан