Биз социалдык тармакта

Ноокатта Чечме-Сай каналы тазаланууда

Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жалпы узундугу 1500 метр болгон Чечме-Сай каналы тазаланууда. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Ишти аткарууга зарыл болгон күйүүчү май өкүлчүлүк тарабынан бөлүнүп берилген. Учурда каналдын 350 метри тазаланып, иштер уланууда. 7-август күнү облус жетекчисинин биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев жеринде болуп, жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Ал каналдын айрым тилкелери энсиз экендигин белгилеп, суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында аны кеңейтүү боюнча тапшырма берди.
Чечме-Сай каналын тазалоо жана кеңейтүү иштери толук бүткөрүлгөндөн кийин аймактагы ирригациялык абал жакшыртылып, дыйкандар үчүн сугат суунун жеткиликтүүлүгү камсыз болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан