Биз социалдык тармакта

Асел Байбагышева "Ак илбирс" наамына ээ болду

Кыргызстандык альпинист Асел Байбагышева "Ак илбирс" наамын алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.

Маалым болгондой, Байбагышева Тажикстандын Озоди (7105 метр) жана Исмоили Сомони (7495 метр) чокуларына чыгып, "Ак илбирс" наамын алган алгачкы кыргызстандык айым болду.

Байбагышева 4-июнда Тажикстанга сапар алган. 17-июлда Озоди чокусун, 4-августта Борбордук Азиядагы эң бийик чоку болуп эсептелген Исмоили Сомонини багындырды.

“Ак илбирс” наамы мурдагы СССР аймагындагы жети миң метрлик 5 чокуну багындыргандарга берилет. Бул наамга ээ болгондорго атайын төш белги ыйгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан