Биз социалдык тармакта

Эртең Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилиши жабылат

Бишкек шаарында эртең, 9-августта саат 06:00дөн баштап Курманжан датка жана Салиева көчөлөрүнүн кесилиши бир күнгө унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чара Курманжан датка көчөсүн калыбына келтирүүнүн алкагында өтүүдө.

"Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле жасап, жол тыгынын болтурбоо үчүн жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан