Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт

Бостериде 13-августта "Baytur Resort & SPAда" эл аралык илимий-практикалык конференциясы өтөт.

Конференция саат 15:00дөн 17:00гө чейин болот. Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганына он жыл толгонуна байланыштуу, бул дата өлкө үчүн тарыхый белги гана болбостон, регионалдык интеграциянын терең анализин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жаратат.

Эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болушунун биринчи он жылдыгына арналган негизги эксперттик аянтчалардын бири болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн союз ичиндеги экономикалык, социалдык жана институционалдык динамикасы талданып, алдыдагы баскычтардагы артыкчылыктар жана стратегиялык багыттар белгиленет.

СПИКЕРЛЕР:
Данияр Амангелдиев – Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, экономика илимдеринин кандидаты
Темир Сариев – Соода-өнөр жай палатасынын президенти, экс-премьер-министр
Артём Новиков – Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты
Сергей Глазьев – Беларус менен Орусиянын Союздук мамлекетинин мамлекеттик катчысы, экономика илимдеринин доктору, профессор
Фёдор Войтоловский – Орусия Илимдер академиясынын ИМЭМО институтунун директору, профессор
Мурат Каримсаков – Казакстандын "Атамекен" Улуттук ишкерлер палатасынын Президиумунун катчылыгынын жетекчиси
Денис Муха – Беларус Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун директору
• ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы экономисттери, саясатчылар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү

Конференциянын алкагында:

  • Кыргызстандын ЕАЭБге кошулган 10 жылдык тажрыйбасына илимий жана практикалык баа берилет
  • Регионалдык интеграциядагы жетишкендиктер, кыйынчылыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр каралат
  • Евразиялык мейкиндикте өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган сунуштар иштелип чыгат

Бул конференция - илимий түшүнүктөр менен практикалык чечимдер бириктирилген ачык диалог аянтчасы болуп, ЕАЭБдин келечектеги өнүгүүсүнө салым кошо турган маанилүү эксперттик иш-чара катары бааланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан