Биз социалдык тармакта

Атамбаевдин мурдагы жансакчысы 9 жылга эркинен ажыратылды

Ысык-Көл райондук соту Эркин Мамбеталиевди кылмыштуу топко катышкандыгы жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен аны 9 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле 3 жылга чейин айрым кызматтарда иштөөгө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, соттук чечим 3-июлда чыккан. Жаза мөөнөтү 2024-жылдын 10-августунан тартып эсептелет.

Ошондой эле Мамбеталиев Жазык кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Бирок мөөнөтү өтүп кеткендиктен, жоопкерчиликтен бошотулган.
Белгилей кетсек, былтыр 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурунку жансакчысы Мамбеталиев УКМК тарабынан кармалганы кабарланган. Кийинчерээк атайын кызмат анын кармалышы боюнча маалымат берип, Мамбеталиевдин маркум кримтөбөлдөр Рысбек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин тобуна тиешеси болгонун билдирген. 2024-жылы 25-сентябрда УКМК Мамбеталиевдин миллиондогон мүлктөрү кылмыштуу жол менен табылган деген негизде мамлекетке алынганын маалымдаган. 10-августта Каракол шаардык соту аны 5-октябрга чейин камакка алган. Андан бери шаардык сот тарабынан Мамбеталиевдин камактагы мөөнөтү узартылып келе жаткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан