Мындан ары тараптар SMS билдирүүлөр, электрондук почта, факс жана башка санарип байланыш ыкмаларын колдонуу аркылуу кабарланышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жогорку Сот кабарлады.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул өзгөртүүлөр жарандык иштер боюнча процесстин катышуучуларын заманбап техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен кабардар кылуу тартибине тиешелүү.
Бул сотко тараптарды кабарлоо ыкчамдыгын камсыз кылып, соттук отурумдардын убактысы, орду жөнүндө өз убагында кабарлоону камсыз кылат.
Мыйзамдын долбоору бюджеттин эсебинен кошумча каржылоону талап кылбайт.