Биз социалдык тармакта

Путин менен Трамптын жолугушуусу Аляскада өтөт

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу 15-августта Аляскада өтөрүн билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында жазды.

"АКШ президенти катары менин жана Орусия президенти Владимир Путиндин көптөн күткөн жолугушуусу келерки жума, 2025-жылдын 15-августунда Аляскада өтөт. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет. Бул маселеге көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!" — деп жазылган АКШ президентинин билдирүүсүндө.

Көп өтпөй Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков да президенттердин жолугушуусу 15-августта Аляскада болорун ырастады.

Ушаковдун айтымында, Аляскадагы жолугушуудан кийин президенттердин жолугушуусу Орусияда өтүшү мүмкүн, ошондой эле АКШ президентине тиешелүү чакыруу жиберилген.

7-августта Путин Бириккен Араб Эмираттары Трамп менен болчу жолугушуу үчүн "абдан ылайыктуу жер" экенин билдирген.

"Бизде ушундай иш-чараны уюштурууга жардам берүүгө даяр көп достор бар. Алардын бири — БАЭ президенти. Менимче,бул абдан ылайыктуу жерлердин бири болмок", — деп билдирген Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан