Биз социалдык тармакта

Бишкекте 9-январь көчөсүн капиталдык оңдоо иштери уланууда

Бишкекте 9-январь көчөсүнүн Мессарош көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында эски асфальт алынып, жер кыртышы тегизделген. Коммуналдык люктарды көтөрүү иштери уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришкендей, буга чейин люктар кирпич менен тургузулган. Эми бекемдигин жана бышыктыгын жогорулатуу максатында көтөрүү темир-бетондук шакекчелерди колдонуу менен жүргүзүлөт.

Мындан тышкары жаңы жол катмарын төшөө иштерине даярдыктын алкагында кызыл сызыктан чыгып кеткен 12 турак үйдүн тосмолорун жана кеңейтүүлөрүн демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле курулуш зонасында жайгашкан 33 мамы бузулуп, башка жерге көчүрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан