Биз социалдык тармакта

Казакстанда аскердик тик учак кулаган көлдөн жансыз адамдын сөөгү табылды

Казакстанда Сорбулак көлүнө кулаган Eurocopter EC145 аскердик тик учагын издөө учурунда бир адамдын жансыз денеси жана учактын айрым бөлүктөрү табылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка караганда, издөө учурунда болжол менен 14 метр тереңдиктен тик учактын бөлүктөрү жана жансыз дене табылган. Азыр каза болгон адамдын өздүгү такталууда.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, тик учакты издөө иштери 14 күнгө созулду. Ага 330 киши, 59 автоунаа, 23 кайык, 12 дрон тартылган.

Эскерте кетсек, 25-июлда Алматы облусунда пландык учуу маалында аскердик тик учак радардан жоголгону кабарланган. Бортто үч экипаж мүчөсү болгон. Эртеси күнү куткаруучулар тик учакка таандык болушу мүмкүн болгон сыныктарды табышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан