Алматы шаарында куткаруучулар кондиционердин үстүндө асылып калган аялга жардам беришти.
Шаардык өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына караганда, окуя 12 кабаттуу үйдүн 5-кабатында болгон. Аял терезесин жууп жатып, кондиционердин тышкы блогуна асылып калган.
Куткаруучулар дароо келип, атайын жабдуулардын жардамы менен аялды коопсуз жерге түшүрүштү. Ал медициналык кароодон өткөрүлүп, дарыгерлер анын абалы жакшы экенин айтышты.
Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.