
Бүгүн, 10-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +33…+38, Талас аймагында +30…+35, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көлдө +27...+32, Нарын жергесинде +28...+33 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +35…+37 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +33…+35 градуска жетет.