Биз социалдык тармакта

Улуттук кинематография кеңешинин экинчи жыйыны өттү 

Кечээ, 9-августта Улуттук тарых музейинин жыйындар залында Улуттук кинематография кеңешинин экинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чаранын башкы темасы улуттук киноиндустриянын өнүгүү келечегин талкуулоо болду.
Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, маданият ишмерлери, кинематографисттер жана кино тармагындагы эксперттер катышты.
Жыйындын расмий бөлүгү башталар алдында 2025-жылдын 7 айында аткарылган иштер жана тартылган тасма, сериалдар жөнүндө видеотчёт менен таанышып, күн тартиби боюнча иштер талкууланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан