Биз социалдык тармакта

Жакында мектепке каттала элек балдар үчүн 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат 

Мектепте катталбаган бардык балдарды биринчи жана экинчи класстарга киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында мектепке электрондук каттоо системасында кошумча орундар ачылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
2025-2026-окуу жылына кошумча кабыл алуу 13-августта саат 09:00дө башталат жана 8-августта бир дагы мектепте катталбаган балдар үчүн гана жеткиликтүү болот.
Балдары мектепке катталган системанын колдонуучулары үчүн "жазууну жокко чыгаруу" функциясы жеткиликсиз болот.
Ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү "Түндүк" тиркемесиндеги "Санариптик документтер" бөлүмүндө чагылдырылгандыгын алдын ала текшерип, баланы "мектепке электрондук каттоо" кызматы аркылуу "Түндүк", "Мбанк" жана МойО!+ Банк же 1mektep.edu.gov.kg. порталынан катташы керек.
Ал эми балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы 15-августта аяктайт.
Кошумча орундар ачыла турган мектептердин тизмеси менен төмөнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://edu.gov.kg/posts/4376/
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан