2–9-август күндөрү Кытайдын Пекин шаарында жасалма интеллект боюнча Экинчи эл аралык олимпиада (International Olympiad in Artificial Intelligence — IOAI) өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Мелдешке 61 мамлекеттен келген 300 окуучу жана 73 команда катышты. Олимпиада эки күнгө созулуп, ар күнү катышуучулар үчтөн тапшырманы аткарышты. Алар жасалма интеллекттин ар кайсы тармактарын — машиналык окутуу, табигый тилди иштетүү жана компьютердик көрүү багыттарын камтыды.
Кыргызстандын командасы жалпы 537 упай топтоп, 73 команданын ичинен 45-орунду ээледи. Команданын курамы Northern Eurasia OAI 2025 мелдешинин финалдык этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Окуучулардын жыйынтыктары:
Низовский Матвей – коло медаль, "Маариф" билим берүү комплекси.
Семён Богуславский – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.
Акниет Кенжегулов – катышуучу, №61 орто мектебинин 11-классынын окуучусу.
Исхак Тажибаев – катышуучу, «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу.
Команданын жетекчиси: Ишматов Мамат, «Газпром» олимпиадалык борбору.
Александр Гущин – Борбордук университет
Андрей Кузнецов – Борбордук университет
Рахимов Руслан – T-Bank AI Research
Омурканов Тургунбек – МБанк
Тимур Туратали – AI Academy, Кыргызстандагы ЖИ коомчулугунун негиздөөчүсү, МБанк
Эрмек Айтыгулов – ML-инженер, «Звук»