Алматыдагы Башкы ботаникалык бакта аккууга ырайымсыз мамиле кылган адам 7 суткага камакка алынды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, окуя 5-августта болгон. Социалдык тармактарда эркек киши аккууну моюнунан кармаган видео тараган. Бул кадрлар интернет колдонуучулардын катуу нааразылыгын жараткан.
Мекеменин администрациясы маалымдагандай, полициянын ыкчам аракети жана коопсуздук кызматы берген видеокөзөмөл кадрларынын жардамы менен аккууну кармаган адам бир сутканын ичинде табылып, кармалган. Ал 1983-жылы туулган жаран болуп чыккан.
Алматы сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, сот аны 7 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарган.