
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде өзү көзөмөлдөп, жалындын жайылуу коркунучуна каршы аракеттерди көрүү ишин башкарууда.
Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 11:20дан тарта ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 8 куткаруучу жана штаб тартылган.
Учурда өрт өчүрүү иштери жүрүүдө.