
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында бүгүн, 10-августта тоо боорунда кургак чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык өрттүн болжолдуу аянты 70 гектарды түзөт.
Белгилей кетсек, учурда штаб жана өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн куткаруучулары өрттү өчүрүү аракеттерин көрүп жатышат.
Буга чейин Чүй облусунун Панфилов районундагы Курам айыл аймагына караштуу Орто-Арык айылынын бийик тоолорунда кургак чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иштери бүгүн да улантылып жатканы айтылган. Өрттү өчүрүүгө кечээ, 9-август күнү Панфилов райондук №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 10 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулган.
Бүгүн 10-август күнү өрттү өчүрүү иши улантылып, 17 куткаруучу тартылды.