Ооганстандын Кабул шаарында аялдардын сулуулук салондору массалык түрдө жабылууда. Бул тууралуу Tolo News маалымдады.
Маалыматка караганда, жүздөгөн сулуулук салондорунун иши токтоп, жабдуулары бузулган же тартып алынган.
Күбөлөрдүн айтымында, талибдер имараттарды текшерип, эгер ичинде аялдарга арналган салон болсо, дароо талкалоо иштерин жүргүзүшкөн. Эксперттердин айтымында, бул репрессиялык чаралар борбор калаадагы аялдардын иш менен камсыз болушуна катуу сокку урду, анткени мындай сулуулук салондорунда 60 миңге жакын кабулдук аял иштеп келген.
Tolo News жазгандай, эксперттер муну талибдердин аялдарды акырындык менен Ооганстандын коомдук жана экономикалык турмушунан четтетүү саясатынын бир бөлүгү катары баалашат.
Эскерте кетсек, июль айында Кабулдун бир нече райондорунда коопсуздук күчтөрү хиджабды "туура эмес" кийген деген жүйө менен ондогон аялдарды кармашкан.