
Чүй облусунун Панфилов районундагы тоодогу өрттү өчүрүү иши бүгүн, 11-августта улантылат. Бул тууралуу ӨКМдин маалыматында жазылат.
Билдирүүгө ылайык, ал кечээ кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап, кооптуу болгондугуна байланыштуу саат 21:45те токтотулган болчу.
Өрттү өчүрүү иштери 9-августтан бери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө Мамлекеттик аңчылык чарбасынан 4 кызматкер, айыл аймактан 2 кызматкер, жалпы 6 адам жеринде нөөмөттө калган. Өрттүн болжолдуу аянты 100 гектарды түздү.