Атактуу ырчы Женнифер Лопестин Алматыдагы концертинде ал ырдап жаткан учурда мойнуна чегиртке конуп алган видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Видеодон ырчы дүрбөлөңгө түшпөй, ыңгайлуу убакта чегирткени мойнунан алып ыргытып жибергенин байкоого болот. Ал чегирткени ыргытып жибергенде көрүүчүлөр кол чаап, сүрөп, колдоп турушту.
Комментарийлерде "Ал чегирткени аукционго коюу керек", "Алматынын экологдору ал чегирткени "асыл тукум чегиртке" деп издешүүдө", "Жей Лого анчалык жакын барган жалгыз "казак", "Чегирткени да ушунчалык эфективдүү ыргытса болот беле?", "Чегиртке да Жей Лонун концертинде болду, а сен бара албадың" деген сыяктуу кызыктуу талкуу жүрүүдө.