Биз социалдык тармакта

"Жүрөгүм ооруйт". Оштун мэри Чүйдөгү айланма жолду көрктөндүрүүгө даяр экенин билдирди (видео)

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Чүйдүн Ысык-Ата районунда жайгашкан айланма жолдун абалына кейий турганын айтты.

Ал президентин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиевди калаада жүрүп жаткан иштер менен тааныштырып жатып, эгер уруксат берилсе аталган жерди көрктөндүрүүгө даяр экенин билдирди.

"Ошол жерди уруксат бергениңизде мен татынакай кылып кооздоп, оңдойт болчумун. Укмуш жер да. Ошол жерди көргөндө жүрөгүм ооруйт. Ортосунда чөп өсүп, “бардак” болуп жатат го. Ал жакка көчө жарыктандыргычтарды коюп, бак, гүл тигип койсоң укмуш болот да. 30 жылдан бери жатат",- деди ал.

11.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан