Биз социалдык тармакта

"Шефиңе айтып кой". Оштун мэри тамактануучу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөргө бир апта убакыт берди (видео)

Бүгүн, 11-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы кыдыруусунда Раззаков көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн адамдарга катуу талап койду.

Ал тамактануучу жайга келгендер унааларын жол четине токтоткондуктан тыгын пайда болуп жатканын айтып, тез арада унаа токтотуучу жай куруу керектигин айтты.

"Мына, жолдун бир тилкесин тосуп турат. Силерге бир апта убакыт, унаа токтотуучу жай курасыңар. Шефиңе айтып кой. Бир аптанын ичинде аткарбасаңар суу, светиңер өчүрүлөт. Мен жолду жасап жатам, силер бир тилкесин тосуп жатасыңар. Силер акча кыласыңар, мэрияга эч нерсе жок",- деди калаа башчысы.

11.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан