Биз социалдык тармакта

Ташиев: "Нарындан Бишкекке мончого түшкөнү барышканын уккам" (видео)

Бүгүн, 11-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан объекттер менен таанышууда.

Атайын кызматтын башчысына президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев калаада бардык шарттары менен муниципалдык мончо курулуп жатканын айтты.

"Нарындан Бишкекке мончого түшкөнү барышканын мен дагы уккам. Эми шаардын өзүндө мончо болуп калса, сонун болот. Болгондо дагы бардык шарттары менен...",- деди Ташиев.

Туманбаев мончо мэриянын карамагында болорун, киреше да калаа башкармалыгынын казынасына түшөрүн белгиледи.

11.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан