Бүгүн, 11-августтан тарта эттин баасын мамлекет көзөмөлдөйт. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим негизсиз баанын өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынды.
Баага болгон чектөө 90 күнгө белгиленди.
Чечим Кыргыз Республикасынын "Бааны жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамына жана 2023-жылдын 8-сентябрындагы министрлер кабинетинин №455 токтомуна ылайык кабыл алынган.
Көзөмөл жана жөнгө салуу иштерин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жүргүзөт.