
Бишкекте Манас проспектинде жайгашкан үйлөрдүн биринде ур-токмокко алынып, экинчи кабаттан кулатылды делген Нарын облусунун Жан-Булак айылынын башчысынын иши боюнча шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 1-августта саат 1:30 чамасында "102" кызматы аркылуу болжол менен 45 жаштардагы эркек киши экинчи кабаттан кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат берилди. Жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголду.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1985-жылы туулган А.С., 1979-жылы туулган Б.У., жана 1987-жылы туулган С.М., аттуу жарандар аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук сот тарабынан 1-тергөө абагына камакка алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалды.
Азыркы учурда окуя болгон жерден видео жаздыруулар алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жабырлануучу учурда Республикалык улуттук ооруканада оор абалда жатат.
SUPER.KG порталы бул окуянын чоо-жайын тактоо максатында жабыркаган адам менен ооруканада жолугуп, болгон окуя тууралуу анын өз
оозунан укту. Анда Нарын облусундагы башка айыл өкмөттүн башчыларынын аты аталган.