Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылынын жогору жагында адашып, жол таппай калган 2 чет өлкөлүк жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Garmin Response өзгөчө кырдаалдарды күнү-түнү координациялоо борборунун маалыматына ылайык, кечээ, 10-августта 2001-жылы туулган Я.Э. жана 2003-жылы туулган Е.У. аттуу Израил өлкөсүнүн жарандары тоодо жол таппай калып калышкан.
Жерине ӨКМдин Тоо-кен куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган адамдарды тоодон түшүрүп, Керме-Тоо жайлоосуна жеткирип туристтер тобуна өткөрүп беришкен. Алардын абалы жакшы.