Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдүн жээгинде жана акваториясында текшерүү иштери жүргүзүлдү

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов Ысык-Көлдүн жээгинде жана акваториясында текшерүү иштерин жүргүзүп, жеринде тиешелүү нускамаларды берди. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана Ысык-Көл ОИИБинин Туристтик-экология кызматынын кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Боронов көлдүн экосистемине олуттуу зыян алып келүүчү мыйзамсыз салынган эски балык торлорун түп-тамыры менен жок кылуу жана браконьерлик фактыларын аныктап, алдын алуу аракеттерин күчөтүү боюнча тапшырма берди.
Бул демилге Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана туристтик тартымдуулугун сактоо максатын көздөйт.
Күн сайын күч түзүмдөрү менен экологиялык кызматтар биргеликте көл акваториясын жана көл жээкти толук тазалоо, мыйзамсыз балык уулоо аракеттерин токтотуу жана алдын алуу боюнча тынымсыз иш-чаралар улантылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан