УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында болгон иш-сапарынын жүрүшүндө атайын жана айыл чарба техникаларын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Иш-чарада Ташиев сөз сүйлөп, президент Садыр Жапаров жалпы Нарын элине чоң салам жолдогонун айтып, Нарын облусу өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин, Нарынга дагы келип аткарылып жаткан долбоорлорго тыкыр көз саларын маалымдады. Учурда Нарын облусунда 127 объект курулуп жатат. Бул үчүн мамлекеттен 15 миллиард сом бөлүндү.
Нарында курулуштардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу иштей турган кол керектигин, жалпы эл дагы көмөктөшүүсүн баса белгиледи. "Бардык аймактарда мектептер, жолдор, бала-бакчалар, ооруканалар, оюн-зоок борборлор, сейил бактар элдин талабына ылайык сапаттуу курулуп бүтүшү керек. Көз боёмочулук болбосун", - деди Ташиев.
УКМК төрагасы Ак-Талаа районуна дагы техникаларды алуу үчүн керектүү техникалардын тизмесин даярдоону айтты.
Атай кетсек, Нарын районунун айыл өкмөттөрүнүн муниципалдык ишканаларынын материалдык, техникалык базасын чыңдоо максатында ар бирине 10 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнүп, бөлүнгөн акча каражатына:
* 1 даана автогрейдер;
* 3 даана комбайн;
* 4 даана жүк ташуучу ХОВО;
* 1 даана жүктөгүч (погрузчик);
* 1 даана эксковатор алынды.
Жалпы 70 миллион сомдук 10 даана атайын жана айыл чарба техникалары алынды.
Ошондой эле жалпы 41 240 860 сомду түзгөн төмөндөгү атайын жана айыл чарба техникалары тапшырылды:
Иш-чарада УКМК төрагасы бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, аткарылып жаткан жумуштардын мөөнөттөрүн жана сапатын өзгөчө көзөмөлгө алуу боюнча катуу тапшырмаларды берди. Ошондой эле октябрда Нарын облусунда жалпы курулуп жаткан объектилерди кайрадан жеринде көрүү үчүн келерин айтып, Ак-Талаа районуна да атайын иш сапарын уюштура турганын маалымдады.