Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда алгачкы ирет... Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке кирет (видео)

Ош шаарында муниципалдык такси кызматы ишке кирет. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн Ош шаарында жаңы муниципалдык такси кызматы үчүн алынган заманбап электромобилдер тапшырылды. Азыркы тапта жалпы 15 унаа алып келинди.
Жакынкы күндөрү такси кызматы ишке киргизилип, шаар ичинде жеткиликтүү тариф менен тейлөө башталат. Электромобилдер шаар тургундарына экологиялык жактан таза, үнөмдүү жана коопсуз транспорт кызматын көрсөтүүгө багытталган.
"Мындан биз күнүнө 100 миң сом киреше тапсак деп пландаштыруудабыз. Бул таксилердин санын 100-200гө чыгарсак деп пландап жатабыз. Башка шаарларга да ушул таксилерди койсок болот. Кыргызстанда биринчилерден болуп муниципалдык таксилерди Ош шаарында иштетип жатабыз", - деди шаар мэри Жеңишбек Токторбаев.
ош
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан