15-августта Орусия президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү өтө турган күнү Аляскадагы Анкоридж шаарында саясатчыларга каршы митинг уюштурулат. Бул тууралуу "Социализм жана боштондук үчүн партиясынын" (PSL) Instagram социалдык тармагындагы баракчасында маалымдалды.
Митинг 15-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30га белгиленген.
Ошол эле күнү Трамп жана Путин Аляскада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Бул 1988-жылдан бери АКШ аймагында Орусия жана АКШ президенттеринин алгачкы жолугушуусу болот. Негизги талкуу темасы — Украинадагы тынчтык маселеси. Талкууланчу сунуштарга аймак алмашуу жана Киевдин НАТОдон баш тартуусу кириши мүмкүн.
Буга чейин Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков жолугушуу үчүн Алясканын тандалганынын себебин анын Орусияга географиялык жакындыгы менен түшүндүргөн.