Биз социалдык тармакта

Ирактын борбор жана түштүк бөлүгү толугу менен жарыксыз калды

Ирактын борборунда жана түштүк аймактарында электр жарыгы толугу менен өчтү. Баш калаа Багдад жана башка борбордук шаарларда жана түштүк тараптагы шаарларда күтүүсүздөн электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, электр өчүрүүлөрүнө байланыштуу Ирактын Электр министрлигинен же башка тиешелүү мекемелерден азырынча эч кандай түшүндүрмө берилген жок.

Иракта улуттук электр кызматтары күнүнө орто эсеп менен болгону 5төн 8 саатка чейин гана берилет.

Өлкөдө көп жылдан бери чечилбей келе жаткан электр энергиясынын үзгүлтүккө учураган маселеге байланыштуу айрым конуштарда айлана-чөйрөгө зыян келтирген, акы төлөнүүчү кошумча көчө генераторлору колдонулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан