Биз социалдык тармакта

Президент, УКМКнын башчысы, космонавттын портреттери... Ташиев өзү окуган мектепке барды (видео)

Кечээ, 11-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына болгон иш сапарында Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатына барды.

Анда атайын кызматтын башчысы аталган окуу жайдын жаңы курулган корпусун жана жатаканасын көрүп чыккан. Ташиев аталган мектепте өзү да окуганын эске салды.

Мектептин жаңы курулган корпусундагы мугалимдердин кабинетине космонавт Валентина Терешкова менен биргеликте өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин да портреттери илинери айтылды.

Портреттерди көргөн Ташиев өзү "жакшы болуптур" деп баа берди.

12.08.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан