SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Ош шаарынын тургуну кайрылды.
Анын айтымында, Ош шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан "Алишер" аттуу дүкөндө таттуулардын мөөнөтү өтүп кеткен. Сатуучуга бул боюнча айтканда алар акыркы 15 күндөн бери жабык болгондугун билдирип, айрым гана товарлардын мөөнөтү өткөндүгүн кошумчалады.
Ал эми видеонун автору ачып караган таттуулардын мөөнөттөрү май айында аяктагандыгын билүүгө болот.
"Мөөнөттөрүн карагыла, таттуулардын баарынын мөөнөтү өтүп кеткен. Буларды жаш балдар сүйүп алып жешет",- деди автор.
Дүкөндүн ээси тактап, алып коё тургандыгын билдиргенин угууга болот.