Рэпер Тимати кыздуу болду 

Белгилүү рэпер Тимати (Тимур Юнусов) кыздуу болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, анын сүйүктүүсү Валентина Иванова 2-августта кыз төрөгөн.

11-августта Instagram баракчасына жаш эне жаңы төрөлгөн ымыркай менен түшкөн сүрөттөрдүн сериясын жарыялаган. Ал жазууда кызынын атын ачыкка чыгарган.

"02.08.2025 - Юнусова Эмма Тимуровна",-деген жазуу калтырган.

Тимати үчүнчү ирээт ата статусуна ээ болду. Анын модель Алена Шишковадан Алиса аттуу кызы жана модель, блогер Анастасия Решетовадан Ратмир аттуу уулу бар.

Валентина Иванованын үчүн бул биринчи наристеси.

Эске салсак, Тимати бир дагы жолу официалдуу никеде турган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан