Биз социалдык тармакта

Бишкектин мэри "Кудайберген" базарына мыйзамсыз акы төлөп кирүүнү токтотту (видео)

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Кудайберген" базарынын аймагындагы мыйзамсыз акы төлөп кирүү пунктун жапты.

Рейд учурунда жерине барган калаа башчысы айдоочулардан кирип-чыгуу үчүн акы алынып жаткандыгына күбө болду.

"Эмнеге төлөп жатышат? Төлөм алганды токтоткула",- деди мэр.

Төлөмдөн топтолгон каражатты ким аларына жана бир күндө канча сом топтолоруна кызыкты. Кассир кыздын айтымында бир күндө 15 миң сомго чейин чогулат жана каражат базардын администрациясына берилип турат.

12.08.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан