Биз социалдык тармакта

Үч жаран көмүр кычкыл газына ууланып каза болду

Орусиянын Пермь аймагында үч адам жашылча-жемиштердин оросун кургатып жатып каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгы билдирди.

Окуя Горбуново айылында болгон. 77 жаштагы эркек киши менен 52 жана 53 жашындагы жубайлар жашылча-жемиштерди жыйноо үчүн чуңкурду кургатуу учурунда көмүр кычкыл газына ууланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Пермь аймагы боюнча башкармалыгы жашылча-жемиштерди сактоодо көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарарын эскертет. Бул газдар менен уулануу өлүмгө алып келиши мүмкүн. Жашылчалардын чуңкурун иретке келтирүүдөн мурун аны жакшылап желдетүү керек. Андагы ар кандай жумушту жалгыз жүргүзүү мүмкүн эмес, уулануунун алгачкы белгилеринде дароо таза абага чыгуу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан