Биз социалдык тармакта

Зеленский Аляскада Украина боюнча эч кандай чечим кабыл алынбастыгын билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин Аляскадагы жолугушуусу Вашингтон менен Москванын эки тараптуу мамилелери үчүн гана маанилүү болот. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал эки лидердин жолугушуусунда Украинадагы жаңжал боюнча эч кандай чечим кабыл алынбашына ишенерин белгиледи.

"Бирок алар бизсиз Украина боюнча эч кандай чечим кабыл алышпайт. Мен АКШнын президенти муну түшүнөт деп ишенем",- деген Зеленский журналисттерге.

Ошондой эле ал Трамп жана Путин менен үч тараптуу жолугушуу өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Айта кетсек, америкалык жана орусиялык лидерлердин жолугушуусу 15-августта болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан